<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?><song><hymn_number>257</hymn_number>
<lyrics>[V1]
.D
 Өчүп калган от эч кимди жылытпайт,
.Hm                  D         A
 Соолуган булак суусунду кандырбайт.
.G                         D/F#
 Сынган идиш эч нерсеге жарабайт,
.G                 A
 Өлгөн адам сүйө албайт.

[V2]
.D                                A
 Мүмкүн, сен оттой болуп өчүп калган,
.G                              A
 Жылуулугуң сезбегендир эч бир жан.
.G                             D/F#
 Соолуган булак сымал какшып калган,
.  G                       A       D
 Суу сунбадың адамдарга чаңкап турган.

[V3]
 Кудайдын сүйүүсүн сезбей калдыңбы?
 Идиш ордуна сыныктар калдыбы?
 Чөп сыяктуу жаның кургап калдыбы?
 Же небак өлүп калганбы?

[V4]
 Кудайдын сүйүү отун өчүрбөгүн,
 Бүлбүлдөбөй, жарык чачып күйгүнүң.
 Бул караңгы дүйнөдө өчпөс от бол,
 Кашка суу, мөлтүр булак бол.

[V5]
. D       A     G
 Ыйсанын ыйык ысмын
. D     A  G9    A    G
 сенден ар бир адам көрсүн,
.    G   A   A9    D
 Ар бир күнөөкөр көрсүн.

[V6]
 Күч булагы болгун кыйналгандарга,
 Жашооң менен жол көрсөт адамдарга.
 Колуңда болгонун жоготпой сакта,
 Таажыңды сакта, алдырба.

[V7]
 Кудай берген ак кийимиң булгаба,
 Жарык чачып турсун жүзүң дайыма.
 Ыйыктаган Ал сени Голгофада,
 Кабар айтсын деп баарына.

[V8]
 Ыйсанын ыйык ысмын сенден ар бир
 адам көрсүн,
 Ар бир күнөөкөр көрсүн.</lyrics>
<title>Өчүп калган от эч кимди жылытпайт РЫЖ257</title>
<key>D</key>
</song>